Бүгүн, 27-июлда Бишкектеги Горький сейил багында ата-энелер митингге чыгышты. Алар №61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылышууда.
"Биз министрликтен директорубузду өз ордунда калтыруусун талап кылабыз. Юрий Низовский көп жылдан бери мектепте жетекчи болду. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеди, анын билим берүүгө кошкон салымы чоң. Андыктан биз Низовскийди директорлорду тандоо боюнча сынакка катыштырбай коюуну суранабыз", - деди акцияга чыккандардын бири.
Белгилей кетсек, буга чейин 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынары айтылган.