Садыр Жапаров Орусиянын Башкы прокурорун кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июлда Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын Башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды.

Анда эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгы жана улуттук, регионалдык, дүйнөлүк деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгондугу айтылат.

"Өлкө башчы Орусия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн эки элдин тарыхый жана маданий жалпылыгы, салттуу достук байланыштары, коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызыкчылыктардын жалпылыгынан улам өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү стратегиялык кызматташтык жана ар тараптуу өз ара аракеттенүү өнүгүп жатат. Кыргыз тарап муну баалайт. Кандай гана сыноо болбосун алар өз ара колдоонун негизинде артта калууда", - деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Орусиянын Башкы прокурору Игорь Краснов өлкө башчыга жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

"Ал эки өлкөнүн мамилеси позитивдүү өңүттө өнүгүп жатканын жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө ниетинде экенин айтып, ошону менен бирге Кыргызстан менен Орусиянын Башкы прокуратураларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн мамлекеттери трансчегаралык мүнөздөгү жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга дуушар болууда - бул экстремизм, терроризм, мыйзамсыз миграция агымдары, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак жана баңги сатуу.

Ошондой эле ал бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Орусиянын Башкы прокуратурасынын ортосунда жакынкы жылдарга биргелешкен иштин бир катар приоритеттүү багыттарын аныктаган Макулдашууга кол коюлганын билдирди.

Игорь Краснов биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого жана бир катар көйгөйлөрдү, анын ичинде трансулуттук кылмыштуулукка байланыштуу маселелерди чечүүдө бири-бирине колдоо көрсөтүүгө ишенимин билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин элдеринин бакубаттулугу үчүн жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле коомдун кызыкчылыктарын коргоо максатында кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришкени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан