Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет (График)

Бишкек-Ош жолундагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан маалымдашты.
Ага ылайык, мындай чектөө бүгүндөн баштап 7-августка чейин, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
29-июль - 7 август күндөрү киргизилген чектөө убактылары:
  • саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
  • саат 08:00дөн 10:00гө чейин,
  • саат 12:00дөн 14:00гө чейин
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
"Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан