Кытайдын президенти Си Цзиньпин Жо Байденге эскертүү берди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тайванга байланыштуу чыңалуудан улам АКШ президенти Жо Байденге эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Кытай лидери Вашингтон "бир Кытай принцибин" кармануусу керектигин айткан. Ошондой эле Кытай Тайвандын көз карандысыздыгына жана сырттан кийлигишүүгө катуу каршы экенин баса белгилеген. Си Цзинпин Байден менен сүйлөшүүдө аралдын жарыяланган көз карандысыздыгын тааныбай турганын кошумчалаган.

"От менен ойногон адам өзүн өрттөп жиберет. Биз АКШ муну так карайт деп үмүттөнөбүз", - деген Си Цзинпин телефондогу сүйлөшүүдө.

Өз кезегинде Байден Си Цзиньпинге АКШнын Тайванга карата саясаты өзгөрбөгөнүн жана Вашингтон Тайвандагы тынчтык менен стабилдүүлүккө шек келтирүүгө багытталган бир тараптуу аракеттерге чечкиндүү түрдө каршы экенин билдирген.

Сүйлөшүүдөн кийин Тайвань Байденге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ менен коопсуздук боюнча өнөктөштүгүн тереңдете берерин билдирген.

Апрель айында Кытай АКШдан Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан