
Республикадагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер сынамык тесттен өтө алат.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, сынамык тесттен бардык каалоочулар өтсө болот.
Тесттен төмөндөгү
шилтеме аркылуу өтө алышат.
Эскерте кетсек, талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн босого балл 60тан өтүшү керек.
Сынакка тиешелүү суроолор болсо төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238
Маалымат үчүн: Кечээ Билим берүү жана илим министрлиги өлкө боюнча директорлорду алмаштыруу керек болгон мектептердин тизмесин
жарыялаган. Ош облусу боюнча мектеп директорлорунун бош орундарынын
тизмеси.
Буга чейин министрлик директорлорду тандоо сынагы Баткен облусунан башталарын
билдирген.