Бишкек шаарындагы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратын бузуу иштери жүрүүдө. Буга чейин шаардык бийлик анын ордуна жаңы объект салынарын маалымдаган. Атүгүл, Германиядан 3 долбоор сунушталганын айтып, объектилердин эскиздерин көрсөтүшкөн.
Белгилесек, Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат мурда Башкы прокуратуранын кеңсеси болчу. Ал 2010-жылы апрель ыңкылабында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлгөн. Имарат Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карайт.