Супер фактылар: Венера планетасынын 1 күнү Жердин 243 күнүнө барабар

Супер фактылар рубрикасында бул жолу космос тууралуу сөз кылабыз.

- Юпитердин магнит талаасы ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал биздин планетанын магнит талаасын күн сайын миллиарддаган ватт менен байытып турат.

- 1 Плутон жылы 248 Жер жылына барабар. Бул Плутон Күндү толук бир жолу айланганда, Жер 248 жолу айланууга жетишет дегенди билдирет.

- Венера планетасынын 1 күнү Жердин 243 күнүнө барабар, ал эми 1 жылы болгону 225 Жер жылына тете.

- Марстагы Олимп жанар тоосу (Olympus Mons) Күн системасындагы эң чоң жанар тоо. Анын узундугу 600 километрден ашык, бийиктиги 27 километр, ал эми биздин планетанын эң бийик жери Эверест. Ал чокунун бийиктиги 8,5 километрге гана жетет.

- Венера - Күн системасындагы саат жебесине каршы айланган жалгыз планета. Бул үчүн бир нече теориялык негиздемелер бар. Кээ бир астрономдор мындай тагдыр жыш атмосферасы бар бардык планеталардын башына түшөөрүнө ишенишет. Алар Венеранын бетине чоң астероиддердин тобу түшкөн деп болжолдошот.

- Жерге түшкөн эң чоң метеорит Намибияда табылган. Ал 2,7 метрди түзүп, Гоба деп аталат. Метеориттин салмагы 60 тонна жана 86 пайызы темирден турат, бул Жердеги табигый темирдин эң чоң бөлүгү.

- Расмий илимий теорияга ылайык, адам ачык космосто дароо өпкөсүндөгү абаны чыгарса, 90 секунда скафандрасыз жашай алат.

- Жердин тартылуу күчү адамдын омурткасын кысып турат, ошондуктан астронавт космоско чыкканда ал болжол менен 5,8 сантиметрге бою узарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан