Жаңы стадион Орок айылынын аймагында курулмай болду

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20,78 гектар аянттагы жер тилкесинде стадион курулат. Ал үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн жыйында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу тапшырылды:

– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

– жерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу август айында башталарын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан