"Пенсия курагындагылар мектеп директору боло алат". Тандоо сынагына өзгөртүүлөр киргизилди

Пенсия курагындагы мугалимдер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкер боло алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Буга чейин пенсия курактагылар сынакка катыша албайт деген чечим чыккан. Ал эми акыркы токтом боюнча катыша бере турган болуп чечилди.

Мындан сырткары коррупциялык коркунучтар бар деген кооптонуудан улам мектепти өнүктүрүү планы жокко чыгарылды", - деди министрликтен.

Белгилей кетсек, буга чейин 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан