Президенттин администрациясы “Кумтөрдү” өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.
Тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети тапшырылган. Анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" компанияларынын акцияларынын 100 пайызы "Кыргыз алтындын" менчигине толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр бар.
Бүгүн эле келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнү, жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтый турганы айтылды:
- “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
- “Центерра” болжол менен 11 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
- “Центерра" тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
- “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион доллар. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
- “Центерра" кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).