Боомдо селден улам жабылган унаа жол толук ачылды (сүрөт)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыгында жана 131-чакырымындагы селге байланыштуу жабылган жол толугу менен ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, жолчулар атайын техниканын жардамы менен Бишкек-Нарын-Торугарт жолун түнү бою тазалашты. Болжол менен 20 -22 миң куб кум-шагыл тазаланды.

Эске салсак, 30-июлда саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл жолду бөгөп калган. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган. Саат 18:00 чамасында жол бир тараптуу ачылып, унаалар өткөрүлө баштаган.

Боомдо селден улам жабылган унаа жол толук ачылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан