Кадамжайда тамак-ашка ууланып 58 адам ооруканага кайрылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы тойканада тамак-ашка уулангандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, алардын ичинен алтоо (төртөө аял, экөө 6 жана 4 жаштагы бала) ооруканага жаткырылды.

2 бала Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалдары орто оор.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 30-июлда тойканада 250 адам катышкан үй-бүлөлүк иш-чара өткөн. Алгач ооруканага 48 адам кайрылган. Бүгүн саат 19:30га карата алардын саны 58ге жетти.

Аларда дене табынын көтөрүлүшү, кусуу жана диарея (ичи өтүү) белгилери болгон. Жабырлануучулар сурамжылоо учурунда этте жана салаттарда жыт болгонун белгилешкен.

Тойканага санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан