Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Грузиянын Тбилиси шаарындагы Кавказ университетинин "Ардактуу доктору" наамын алды. Бул тууралуу аталган университеттин Фейсбук баракчасына жазылды.
Андагы маалыматка караганда, Аскар Акаев окумуштуулар кеңешинин чакыруусу менен аспиранттар менен докторанттарга лекция окуган. Ошондой эле Түштүк Африка Республикасынын жана Франциянын окумуштуулары менен биргеликте окуу жайдын салтанатына катышып, бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырган.
"Аскар Акаев уникалдуу инсан, өзгөрүү доорундагы кыргыз лидери, Эгемендүү Кыргыз Республикасынын негиздөөчүсү. Ошол эле учурда биз сыймыктана турган дүйнөлүк окумуштуу", - деген аталган университеттин президенти Каха Шенгелия.
Акаевдин жанында жүргөн өкүлү Айжигит Матраимов Фейсбук баракчасына аземдеги сүрөттөр менен бөлүшкөн.