Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун коргоочусу Жерар Пике ырчы Шакирадан акча жана АКШга учуп барып, келип тургандагы акчасын талап кылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, футболчу ырчыдан жылына 400 миң евро жана Испаниядан Америка Кошмо Штаттарына 5 жыл учуп барып, келип туруу үчүн акча талап кылды. Мындай шартты койгон Пике ырчы буга макул болсо, балдарын АКШга жиберет.
14-июлда Шакира Пике менен ажырашуунун шарттарын койгон, ага ылайык ырчы эки баласы аны менен Майамиде жашашы керек.
Пике менен Шакиранын ажырашып кеткени 2-июнда белгилүү болгон. Буга футболчунун чыккынчылык кылганы себеп болгон. Футболчу менен ырчы 2011-жылдан бери мамиледе болчу. Жубайлардын эки баласы бар, алар тогуз жаштагы Милан жана жети жаштагы Саша.