Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз өлкөсүндөгү Бириккен Араб Эмираттарынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.