Косово менен болгон кырдаалдан улам Сербиянын президенти элине чукул кайрылуу жасады

Косово менен чек арадагы жаңжал курчуганынан улам Сербиянын президенти Александр Вучич мамлекеттик телеканалга чыгып, элине кайрылуу жасады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкө жарандарына кайрылуусунда серб лидери бийлик Косоводогу чыңалууну басаңдатуунун үстүндө иштеп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле аймактагы чыңалуунун курчушуна байланыштуу кырдаалда көрсөткөн колдоосу үчүн Москвага ыраазычылык билдирген.

Вучич чукул кайрылуусунда төмөнкүлөрдү белгилеген:

"Биз Генералдык штабдагы жолугушууну аяктадык, ага чейин генерал Моисилович НАТОнун Косоводогу миссиясынын (КФОР) командачысы менен сүйлөштү жана бул сүйлөшүү туура болду";

"Америка элчилигинин өкүлдөрүнө, Боррелге, Карл Билдтке жана Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем";

"Эртең диалог аркылуу тынчтыкты сактоо үчүн бир топ ыңгайлуу кырдаалга алып келе турган компромисстик чечимдерге жетишүү мүмкүн болот деп ишенем";

"Мен Косовонун түндүгүндөгү сербдерге сабырдуулугу жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирем";

"Маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн диалогду улантуу биз үчүн өтө маанилүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан