1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары 200 пайызга көтөрүлөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечимдин негизги максаты - өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматкерлери менен муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу, шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу менен мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 миң 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7 пайызды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 миң 98 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 миң 12 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3 пайызды түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22 миң 170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 миң 319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4 пайызды түзөт.

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 миң 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 миң 940 сомду түзөт.

Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 197,3 пайызды түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 220,2 пайызды түзөт.

Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 222,3 пайызды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 235,7 пайызды түзөт.

Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 251,3% түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 210,1 пайызды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан