АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бар делген учак Тайванга жакындап, акырындан ылдыйлап жатат. Мындай маалымат телеграмм каналдарга жарыяланды.
Учурда Пелоси отурган делген учак Тайванга жакындап, акырындан бийиктигин ылдыйлата баштады. Өз кезегинде Кытайдын Су-35 истребителдери Тайван кысыгынан өтүп, Тайбэйди көздөй учуп бара жатканы кабарланды.
Пелосини бар делген учакты онлайн карап отурган адамдардын саны 600 миңден ашты. Учак бир нече мүнөттөрдөн кийин Тайбэйдеги аэропортко конушу күтүлүүдө.