Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Артурбек Жуманазаров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Азамат Муканов дайындалды.