"Ишти да кийингенибизге жараша жасайлы". Жанар Акаев Акылбек Жапаровго кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ош аэропортундагы жагдайга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү 4-августта Фейсбукка жазып чыкты.

“Кечээ радиодон Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы таксисттердин Орусияга уча турган Өзбек жарандарына жасаган зордук мамилеси тууралуу репортажын угуп, чынында баш чайкадым. Ары-бери чек арадан өткөндө эки өлкө жарыша бири-бирибизди кыйнасак, президенттерибиздин кучакташып, келишимдерге кол коюп, жакын доспуз дегенибиз кайсы? Биринчиден, Өзбекстан жарандарын да жаран, кошунабыз, адам катары карашыбыз керек, алар жыргаганынан Оштон учуп жаткан жок. Экинчиден, эл аралык каттам менен учкан ар бир жүргүнчү аэропортко 15 доллар салык калтырат. Ош аэропортунан күнүнө кошуналардан эле миңден ашуун адам учуп жатат, айына миллиондор биздин казынада калат. Ошол салык - жол, мектеп курат, айлыкты көтөрөт. Чек арадан өтүп-өтпөй кескин орой мамиле аларды качырат.

Даяр акчаны казынага тартпайсыңарбы, аэробекетти кеңейтип. Өкмөттүк деңгээлде тебетей, калпак кийип алып турист чакыргандан кийин ишти да ошого жараша жасайлы. Акылбек Жапаров, ушул боюнча чечкиндүү талап койсоңуз”, - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКларга Өзбекстандын кээ бир жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан видео кайрылуу жолдоп, алардын өкүмзордугуна даттанып жатканын жазышкан. Анда Орусиядан "Ош" эл аралык аэропортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп унаасына салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан