Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып жүргөн жарандардын буюмдарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2-август күнү Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну Р. М. милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал Ак-Буура дарыясынын жээгинде курбулары менен эс алып отурган учурда белгисиз жаран алардын сумкаларындагы 2 телефонун, алтын буюмдарын, акча каражаттары менен документтерин уурдап кеткендигин билдирген.
3-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Б.М. кармалган. Учурда уурулук боюнча шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.
Ал жасаган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.