Жалал-Абаддагы аэропорт шаар четине көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарында жайгашкан аэропорт калаа четине көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Түркиянын Анталия шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.
Анда тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында саламаттыкты сактоо, курулуш жана туризм тармагында иш алып баруу демилгелерин талкуулашты.
Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги Жалал-Абад аэропортун көчүрүү, ал үчүн атайын долбоор даярдалып, жер аянты ажыратылып жатканын белгиледи.
Мындан сырткары жолугушууда аймактагы медицина тармагын жакшыртуу үчүн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат салуу, шаар тазалыгын сактоодо таштандыны кайра иштетүү заводун куруу сунушу айтылды. Ошондой эле Жалал-Абад курортуна асма жол куруу долбоору сунушталган.
Жыйындан кийин түркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун жер аянты көрсөтүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилери белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан