Термезде Өзбекстан менен Тажикстандын биргелешкен аскердик машыгуулары өтүүдө (фото)

Өзбекстандын Термез шаарында Тажикстан менен Өзбекстандын аскердик машыгуулары болууда. Коңшу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-августта Термез шаарындагы полигондо "Шериктештик-2022" биргелешкен аскердик машыгуусунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

“Анда Түштүк-Батыш атайын аскер округунун командачысы генерал-майор Зайнобиддин Иминов жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, генерал-майор Эгамзод Шароф Худойберди сөз сүйлөштү. Өз сөзүндө Худойберди биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү Өзбекстан менен Тажикстандын достук байланышын бекемдей турганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземинин соңунда Термез полигонунун машыгуу пункттарында жана тосмо тилкесинде Өзбекстандын аскер кызматкерлери тарабынан көрсөтмөлүү сабактар ​​уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан