Бишкекте 4 миң сомдон көмүр сатыла баштады (даректери)

Бишкек шаарында Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-августта Бишкектеги Алыкулов 6 дарегине 100 тоннадан ашык көлөмдө көмүр түшүрүлдү жана тоннасы 4000 сомдон сатылат.

Ошондой эле Бишкектин беш жерине көмүр кампа ачылды. Алар: Мурманский 6, Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилиши, ошондой эле Кара-Жыгач, Ак-Босого конуштарынын ири кампаларында ачылган.

Аталган жерлерден шаар тургундары Кара-Кеченин кесек көмүрүн сатып алса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан