"Жолдошум досум, атам, бир тууганым дагы болуп калды". Актриса Айгерим Саматованын үлпөт тоюнан репортаж (видео)

5-августта Токтогулда актриса Айгерим Саматованын үлпөт тою болуп өттү. Актриса айым Мадияр Русланов аттуу чыгармачылык чөйрөдөгү жигитке турмушка чыкты.

"Мадияр аябай камкор, боор тартып турат. Мындай сапат көп эле мырзаларда боло бербейт. Мадиярдын боорукерлигин сыйлайм, баалайм. Мен эркектен алчу мээримди, сезимдердин баарын Мадиярдан ала алдым десем болот. Азыр бул адам мага бир тууганым, атам, досум, сырдашым дагы болуп калды", - дейт Айгерим Саматова.

Эскерте кетсек, 3-августта "Кыска тамаша" долбоорунун резиденти, актриса Айгерим Саматованын кыз узатуусу борбордогу тойканалардын биринде болуп өткөн. Айгерим Саматова "Кайнене", "Кайнене 2" тасмаларында роль жаратып, бир катар клиптерге да тартылган. Тойдон репортажды ютуб каналдан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан