
Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
Кудайберген Базарбаев Бишкек шаарынын мэри
Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында Эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашырат.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, "Социалдык контракт" ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 282 миллион сомдон Бишкекке 35 миллион сом бөлүндү. Бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек", - деди министр.
Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары "Социалдык контракт" долбооруна катышуу боюнча жөлөк пул алуучулар үчүн консультацияларды өткөрүп жаткандыгын белгиледи.