ЭЛДИК КАБАР: "Ичкенге эмес, бет жууганга дагы болбойт". Тургун таза суу чыкпай жатканына нааразы болду

Каракол шаарында жаз айынан баштап күзгө чейин кир суу чыгат. Мындай билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман жөнөттү.

"Каракол шаарынын жетекчилери жылда таза суу ичесиңер деп сөз беришет. Жаз айынан баштап кеч күзгө чейин ушундай кир суу ичебиз.

Раковинадан чыккан сууну ичкенге эмес, бет жууганга дагы болбойт. Кээде кум, кээде чөп аралаш суу, курттар чыгат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан