Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.
Ормонов 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимди “Транспорт башкаруу адистиги” боюнча алып, 1997-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Ал буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ишеним" партиясынын тизмесинен ат салышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Чолпон-Ата шаарынын мэрлик кызматын Бердибек Иманбеков аркалап келген эле.