Түштүк Кореяда нөшөрлөп жааган жамгыр 7 кишинин өмүрүн алды (видео)

Сеулда жана ага чектеш аймактарда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, дагы 6 адам дайынсыз болууда. Сеулдун батышындагы Инчхон порт шаары жана Сеулду курчап турган Кёнги провинциясында дүйшөмбү күнү кечинде саатына 100 миллиметрден ашык нөшөрлөгөн жаан жааган. Ал эми Сеулдун Донджак районунда саатына 141,5 миллиметрден ашкан жамгыр жааган. Бул 1942-жылдан бери катталган эң жогорку көрсөткүч. Аталган окуя Түштүк Кореяда акыркы 80 жылдагы эң катуу жааган жамгыр болуп калды.

Жүздөгөн адам үй-жайсыз калып, мектептерде жана башка мамлекеттик мекемелерде түнөөгө аргасыз болушкан. Жаандан улам темир жол байланышы үзүлүп, бир нече метро станцияларын суу каптап, 80 жол тилкеси жабылгандыгы айтылат.

Сеулда нөшөрлөгөн жамгыр 7 адамдын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан