Президент күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү боюнча жарлыкка кол койду

Кыргызстанда аскерге чакыруунун күзгү өнөктүгү башталат. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

“Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

Аскердик кызмат өтөөгө жарактуу болгон эркек жарандар 2022-жылдын сентябрь-ноябрында мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыртылсын”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан