Орусиялык космонавт Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшү тартылган видео менен бөлүштү

Орусиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшүн тартып алган видеосу менен бөлүштү.

Ал видеону бүгүн, 9-августта өзүнүн Телеграм каналына жүктөгөн.

"Ысык-Көлдүн укмуштуудай кооздугун космостон тартып алууга сонун мүмкүнчүлүк болду.

Ысык-Көл Кыргыз Республикасынын бермети аталып келет. Ал дүйнөдөгү аянты боюнча чоң көлдөрдүн топ-30уна кирет. Ошондой эле эң терең көлдөрдүн ичинен 7-орунда турат.

Ал өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабында Түндүк Тянь-Шань, Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоонун ортосунда деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан. Дүйнөдөгү бул кооз көл тууралуу дагы кандай маалыматтарды билесиз?", - деп жазган космонавт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан