Бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчанды кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү, энергетика жана туруктуу экономикалык өнүгүү багыттарындагы кызматташтыкка токтолушту.
Ошондой эле 4-5-ноябрда Бишкекте өтө турган Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программанын (СПЕКА) экономикалык форумунун мааниси белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.