ЖОЖдордо канча бюджеттик орун калганы айтылды

IV турда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди гранттык негизде кабыл алуу үчүн 608 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, келишимдик негизде 66 321 бош орун бар.

"III турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69120 орунга 4809 абитуриент тапшырды.

ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент тастыктады", - деп жазылат маалыматта.

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3 пайыз жана келишимдик орундардын 20,14 пайызы пайдаланылды.

Маалымат үчүн:

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады. IV тур эртең, 10-августта саат 14:00дө аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан