Бишкектеги "Алтын-Казына" ресторанынын кызматкерлери 17 жаштагы кызды мейманканага алып барып зордуктады делген окуя боюнча ресторан билдирүү жасады.
Ресторан өз кайрылууусунда ар дайым адилеттүүлүк тарабында экенин белгиледи.
"Урматтуу катталуучулар! Сиздерге 2022-жылдын 6-7 августка караган түндө болгон окуя боюнча кайрылабыз. Окуя түндө, кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгон.
Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдардын ижарага алынган корголуучу жайга кирип кетишкен. Кылмышкерлер кармалды жана алар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси боюнча жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз", - деп жазылат "Алтын-Казына" ресторанынын кайрылуусунда.
Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.
Ал эми аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБине кайрылганыбызда, окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынгандыгын жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.