Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

25-26-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, форумдун алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтөт, ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам катышат.

ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаш активисттеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана жаш дипломаттарынын башын бириктирген форум Биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык жана профессионалдык жактан ар тараптуу жетилүүсүнө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан