Ош шаарында Алиев-Аматов көчөлөрүнүн боюндагы жолдун эки тарабына тротуар курулуп бүткөрүлдү.
Мэриянын маалыматына таянсак, тротуардын жалпы узундугу 1204 метрди түзүп, туурасы көчөгө жараша 2,25 метрден 6 метрге чейин кеңейген.
Эске салсак, быйылкы жылы Ош шаарындагы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган.