Төкмө акын Баян Акматов Инстаграм баракчасында мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбикке орус тилинде ырдап жаткан видео менен бөлүштү.
Анда төкмө акындар Кубат Тукешов менен Баян Акматов сыйлуу дасторкондо отурган конокторго айтыш өнөрүн тартуулап жатканын көрүүгө болот.
"Конок пейил кыргызбыз да. Орусча кошпосок укпайт эле. Эмкисин англисче...
Биздин айтышта орусча кошпогула деген талап бар. Менимче, катачылык. Алтымыш тилде ырдай алсаң кана?
Хабиб бул сиз экөөбүздөй эле бир жан,
Карууңа таянба каманда бар.
Касиетке таянгын адамда бар.
Хабибдин мушташына суктанбайм деле, болгону адептүүлүгүнө баа берем. Биз эл шайырлары, кааласак ханга насаатчыбыз, кай бирде кайырчыдан үлгү алабыз", - деп жазган төкмө акын.
Белгилей кетсек, 8-августта UFC уюмунун мурдагы жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбик Кыргызстанга келген. Бүгүн, 10-августта Бишкекте Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин турнири өтөт. Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын коргойт. Анын атаандашы орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер болот.