Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
"Юрий Низовскийдин бөгөт коюу чарасын үй камагы түрүндө тандоо боюнча өтүнүч келип түшкөн. Биринчи Май райондук соту тарабынан өтүнүч каанаттандырылды. Ал 16-сентябрга чейин үй камагында болот", - дешти соттун маалымат кызматынан.
Белгилесек, Юрий Низовский кечээ коррупциялык схемага шектелип кармалган.