Грузиянын экс-президенти Саакашвили өлүм алдында тургандыгы айтылды

Тбилиси шаарындагы Вивамед клиникасында жаткан Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили катуу ооруп жатат. Бул тууралуу невропатолог Отар Тоидзе саясатчыга жолугуп чыккандан кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчынын ден соолугунун абалы боюнча жыйынтыктоочу корутунду түзүү үчүн жакынкы күндөрү Саакашвилиге дарыгерлер тобу барат.

"Менин Михаил Саакашвилиге биринчи жана акыркы сапарымдын ортосунда кескин айырма бар. Анын оорусу үчүнчү даражадагы оору, башкача айтканда, өлүм алдындагы оору", - деген невропатолог.

Ошондой эле Саакашвили дээрлик 11 килограммга чейин арыктап кеткенин билдирген.

Михаил Саакашвили 2021-жылы 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялап, кайра токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан