КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү

КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-август күнү Бишкек шаарында сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган ички иштер министрликтеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмесинин отуруму болуп өттү.

Кеңешменин ишине Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин (полициянын) өкүлдөрү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эксперттер КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын кароосуна киргизилүүчү документтердин долбоорлорун карап чыгып, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан