Бишкектин айрым көчөлөрү бир тараптуу болот (тизме)

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү бир тараптуу болот. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр бир тараптуу болот:

- Шопоков көчөсү - Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Панфилов көчөсү - Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Логвиненко көчөсү - Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгындар маселелерин чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана коомдук транспорт менен шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан