Бүгүн, 12-августта Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин расмий ачылышы өтүүдө.
Иш-чарага Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышууда. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай Twitter баракчасына билдирди.
Казакстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы эң чоң мечит 235 миң кишиге ылайыкталган. Ал 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Негизги куполдун бийиктиги дээрлик 90 метр болсо, мунаралары 130 метрге жетет.