Темирлан Султанбеков ырчы Анжеликанын кайрылуусу боюнча пикирин айтты

"Социал-демократтар" саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ырчы Анжеликанын Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүү боюнча кайрылууга Фейсбук баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

"Албетте, биз ар кандай көз карашты сыйлайбыз. Биз көп эле жолу мындай суроолорго жооп берип келгенбиз. "Айрым адамдар" үчүн дагы бир жолу түшүндүрүп берейин: Биринчиден, Атамбаевдин бүлөсү өзүнүн резиденциясында ден соолукту чыңдоо комплексин эбак эле ачкан. Бул комплексти санэпидем жана башка структуралар текшерүү жүргүзүп, жакшы баа беришкен. Ошондой эле Кыргызстандын муфтияты балдардын руханий өнүгүүсү үчүн кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырган эле.
Экинчиден, соттун мыйзамсыз чечими үчүн тиешелүү документтер укук коргоо органдарына, прокуратурага, сотко жөнөтүлгөн. Үчүнчүдөн, Атамбаевдин үй-бүлөсү өздөрүнө тиешелүү бир гана үйдө жашап келишет", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго Атамбаевдин үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, кайрылуу жолдогон.

Андан кийин анын кайрылуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Кой-Таштагы үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүү боюнча өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан