Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдынкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үй жана башка техникалар тапшырылды.
"Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды.
Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды", - деди президент.