Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани өлкөнү "Талибан" кыймылы басып алганда эмне себептен качып кеткенин CNN телеканалына берген маегинде айтып берди.
Айтымында, "Талибан" кыймылынын басмырлоосунан жана алардын мыйзамына кол коюудан качуу максатында өлкөдөн чыгып кеткен.
"Ооганстандан чыгып кеткенимдин башкы себеби "Талибан" кыймылынын жана алардын тарапташтарынын кызыкчылыгын коргой турган мыйзамга кол койгум келген эмес. Ошондой эле аларга президентти басынтууга жана өз көзөмөлүнө алуусуна жол бергим келген эмес. Ушул себептен өлкөдөн чыгып кетүүгө туура келген", - деген Ашраф Гани.
Ошондой эле ал өлкөдөн чыгып кеткенде ири суммадагы акча менен качып кеткен деген маалыматтарды да четке каккан.
Эскерте кетсек, былтыр, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.