Борбиев Чикагодо кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

12-августта Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев аталган шаардагы кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

ТИМден маалымдашкандай, жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.

Башкы консул Чикагодогу кыргыз коомдук диаспора бирикмелеринин өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын учурунда көрсөткөн активдүүлүгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия жана Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган.

Эске салсак, Башкы консулдук ушул жылдын 8-августунда иштей баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан