Египеттин Гиза шаарындагы чиркөөдөн өрт чыгып, андан имаратта болгон 41 киши, анын ичинде 10 бала каза болуп, 45 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Абу Сифин чиркөөсүндөгү өрт кондиционерден улам чыккан. Ошол маалда чиркөөнүн ичинде 5 миңдей адам болгон. Көз жумгандардын көпчүлүгү иске ууланганы айтылат.
Өлкөдө инфраструктуранын эскиргендигине байланыштуу өрт кырсыгы көп катталат. Египеттин Социалдык тилектештик министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2600 доллардан кенемте берилерин жарыялады. 103 миллион калкы бар Египетте 10 миллиондой копт христиандар бар.