Жалал-Абад облусунун аймагында бир апта ичинде 28 мас айдоочу кармалды.
Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 8-августтан 14-августка чейинки аралыкта 1707 жол эрежелерин бузуу аныкталды.
“Алардын ичинен мас абалында унаа башкаруу - 28, унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка) - 15, айдоочулук күбөлүгү жана унаага тийиштүү документтери жок унаа башкарган - 31, кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашырып айдаганы үчүн - 1403, башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн - 230 айдоочу кармалган”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 59 унаа айып короого токтотулган.