Бишкекте экологияны жакшыртуу максатында мончолор текшерилди

Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу максатында инспекция Свердлов жана Биринчи Май райондорундагы мончолорго рейддерди жүргүзө баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Анда мончонун ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөөгө жол бербөө жөнүндө 10 билдирүү берилип, ошондой эле газга өтүү сунушталганы айтылат.

"Тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурларда инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 3-беренесинин 115-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле мэриядан инспекциянын ишине байланышкан маселелер боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болорун билдиришти.

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи Май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан