Ала качуунун курмандыгы болуп, киши колдуу каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу анын жакындарына кенемте төлөө боюнча ишти кароо 6-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
Буга чейин Токтакунов Биринчи Май райондук сотунун 100 миң сом өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтуруунун максималдуу өлчөмүн 5 соттолуучуга бөлүп, ар бирин 20 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечимине нааразычылыгын билдирген. Анда ал ай сайын адам өлтүргөндүгү үчүн моралдык компенсацияга барабар өлчөмдө маяна алып жаткан соттордун мындай чечими “акылга сыйбай турган адилеттүүлүк” деген.
Эске салсак, Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин чок ортосунан бир нече жаран унаага күчтөп салып кетишкен. Эки күндөн кийин 7-апрелде Чүйдүн Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадын кыздын сөөгү табылган. Кыздын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.
Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген. Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталган. Ал эми Айзаданы ала качууга көмөктөшкөндөр 6-7 жылга соттолушкан.
Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөрүлгөн.